Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта «АКИpress» маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Аталган басылманын маалыматына ылайык, ага кооптуу гипертония жана стенокардия диагнозу коюлган. Учурда анын абалы орто оор деп бааланып, ага операция жасоо пландалган.
Ал эми «Kaktus media» басылмасы «Бикард» аттуу кардиологиялык борбордун жетекчиси Дамир Осмоновго таянып, Матраимовдун ден соолугу туруксуз болуп жаткандыгына байланыштуу ал ыкчам түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек экендигин жазып чыгышты. Атап айканда, Матраимов жүрөгүн текшертүү үчүн коронарография аппаратынан өткөндөн кийин анын операциясы белгилүү болот.
Бирок УКМК бул маалымат тууралуу комментарий бере албастыгын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын тергөө абагында жаткан Матраимов ден соолугуна байланыштуу жеке ооруканага которулгандыгы белгилүү болгон. Бирок «Кайсы ооруканада? жана эмнеге жеке ооруканага которулду?»,- деген коомчулуктун суроолоруна УКМК баш болгон тийиштүү органдар үн катпай келишет.
Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган.
Эске салсак, Райымбек Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 миллиард сом төлөнөрү айтылган. Кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.