Медербек Исмаилов Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Исмаилов Медербек Адышевич Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Исмаилов бул кызматка 2023-жылдын октябрь айында дайындалган.