Кызын көрбөй каза болгон прапорщиктин жубайы: «Мээрим Жуманазарова кызыбызды дайыма колдоп турам деди»

Кечээ, 16-октябрда Мээрим Жуманазарова Баткенде Тажикстандын кол салуусунан каза болгон прапорщик Нургазы Боркошовдун кызы Мээрим менен жолуктуСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жубайы менен байланышканыбызда, балбан кыз аларды көпкө чейин издеп, байланыша албай жүргөнүн билдирди.

«Жуманазарова жаңылыктардан окуган соң, биз менен көпкө чейин байланыша албай жүрүптүр. Номурубузду жолдошумдун кесиптешинен алып, байланышка чыккан экен. Ошондон бери байланышып турчубуз. Өзү деле бизге барам деп жүргөн. Биз Бишкекке документтерди бүтүргөнү келип калганда байланышып, бир жерге чакырып, таанышып, сүйлөшүп отурдук. Материалдык жардам берди. Мээримге дайыма колдоо көрсөтүп, жардамдашып турам деди», — дейт ал.

Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан 35 жаштагы УКМКнын Чек Ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик Боркошов Нургазы Имамалиевич каза болгон. Анын досу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине досу каза болгондон кийин жубайы кыз төрөгөнүн билдирген. 20-сентябрда редакцияга маркумдун иниси агасы кызына ат да тандап кеткенин айткан. «Мээрим… Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп, Мээрим койдук. Кыз чоңоюп, баатыр атасы менен сыймыктанган баатыр кыз болсун», — деген ал. Маркумдун артында 2 кыз, 2 уул калды.