«Мегаком» эмне үчүн байланыш жана интернет начар болуп жатканын түшүндүрдү

«Мегаком» компаниясынан магистралдык каналдагы оптикалык кабел үзүлгөнүн, мүчүлүштүк убактылуу экендигин кабарлашты.

Буга чейин «Мегаком» уюлдук операторунун абоненттери байланышка жана интернетке нааразычылыгын билдиришкен. Жазылып жаткан маалыматтарга караганда, алардын көбү Бишкекте жана Кантта байкалууда.

Кечээ, 11-октябрда аталган компанияны Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 14,8 миллиард сомго сатып алган. MEGA жетекчиликтин алмашканы уюлдук оператордун ишине жана кызматтын сапатына таасир этпей турганын билдирген эле.