Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажыратылды. Анын ордуна ким келди?

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 19-августтагы жыйналышында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Ага ылайык, “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.