«Мекениңдин бир карыш топурагын сактайм деп кете бердиң». 23 жаштагы Чыңгыз Акчалов күзүндө үйлөнмөк

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 23 жаштагы Чыңгыз Акчалов каза болду. Ал Таластын Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылынын тургуну.

Чыңгыз Акчалов 2020-жылы Орусияга Кыргызстандын атынан парадга катышып, окуусун аяктап келген. 2021-жылы танк биатлонуна катышып, президенттин колунан сыйлык алган. Ошол эле жылы аскердик кызмат өтөөгө Ош облусуна чакырылып, Баткен облусуна которулган. 2022-жылы «лейтенант» аскердик чинин алып, өз тозотунда батальондун командири болгон.

«Эми минтип кете бердиң, мекениңдин бир карыш топурагын сактайм деп. Сен эң алыста, Баткенде элең. Бирок баарыбыз менен сүйлөшүп, бардык туугандар менен мамилени бек сактайт элең. Сени деги жаман көргөн адам жок болчу. Баары жакшы көрчү. Сен аскерлериңдин командири, менин үлгүм, иним, атам менен апамдын кулуну, элиңдин да баатырысың. Эч качан унутулбайсың. Мекен деп жан бердиң, мекенге чыккынчылык кылгандарды, бейгам жүргөндөрдү, эли үчүн күйбөгөндөндү сенин жана сага окшоп шейит кеткендердин каны урсун. Дүйнөдө тынчтык болсун. Эч ким бир боорунан ажырабасын», — деп агасы соцтармактагы баракчасына жазды.