Мектеби көгөрүп кетип Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон окуучу президентке жолукту

Буга чейин интернет аркылуу мектеби көгөрүп кетип президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон окуучунун видеосу кызуу талкуу алынган эле. Бүгүн ошол Бекболот Турдушев аттуу балбайлык окуучу мамлекет башчыга жолукканы маалым болду.


16-февралда президент Садыр Жапаров изоляцияда болгону үчүн видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн болчу, балакай менен Орусиядан келген соң көрүшөрүн убадалаган эле.