«Мындан ары окуучулар колдонуучу дептерлер Кыргызстандын өзүндө чыгат». Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Иманалиев министрликтин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди.
«Буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Орусиядан алынып келчү. Жылына 15 миллион дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт”, — деди Иманалиев.