15-февралда социалдык тармактын колдонуучулары мектепке баштыкка күчүк салып барган окуучунун видеосу менен бөлүшкөн. SUPERTV телеканалына дал ошол мугалимдерден сын уккан окуучу Алихан Дыйканбаев менен анын апасы Гүлкумар Дыйканбаева кайрылып, окуя тууралуу айтып беришти.
«4-класста окуйм. Мен досума күчүк берем деп убада берген элем. Анан эшикке таштасам, адамдар алып кетип калат деп класска алып кирдим. Күчүк кыймылдап билдирип койду. Мени тилдешти. Анан эшикке алып чыгып, мени ыйлатып, «мектептен айдатабыз» дешти. «Экинчи кайталанбайт» деп жаттым. Эшикте автоматчан байке башкача сөздөрдү айтты. Мени атып салабы деп корктум. Туура эмес кылыптырмын», — деди ал.












