Мелис Аспеков ооруканада. Анын уулу сотторго кайрылды

Мындан бир нече күн мурун Мелис Аспеков кардиологиялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Текшерүүдөн кийин дарыгерлер атамдын жүрөк оорусу күчөп жатканын, жүрөктүн камералары жүктү көтөрө албай кеңейерин айтышты. Атамдын кан басымы стресстен улам көтөрүлүп жатат, жүрөк ооруларга стресс болгонго болбойт, анткени 2 жыл мурун ал жүрөктүн эң оор операцияларынын бирин баштан кечирип, 4 жүрөк кан тамырын тең алмаштырган. Чечим чыгаргандарга кайрылат элем, атамды үй камагына чыгарууну суранам, анткени ал үйдө дарыланышы керек», — деп жазды ал.

Мелис Аспеков буга чейин акча опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ушул жылдын май айында президенттен ырайым сурап эркиндикке чыккан болчу. Ал сентябрь айында кайра камакка алынган.