Мелис Эшимканов атындагы фонд болочок журналисттерге сынак жарыялайт

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд өлкөбүздүн аймагындагы жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттеринин арасында сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган фонддон маалымдашты.

Чыгаан журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимканов – кыргыз тилдүү эркин басма сөздү түптөөчүлөрдүн бири. Кыска өмүрүн ал журналистикага арнап, эгемен өлкөнүн маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, эбегейсиз из калтырып кетүүгө үлгүргөн. Маркум журналист быйыл 60 жашка толмок. Анын ысымындагы фонд маркумду эскерүү ниетинде студенттер арасындагы эссе сынагын жарыялайт.

Темасы: Кыргыз журналистикасынын эртеңи (жалпы тема, бирок автордун чеберчилигине чек коюлбайт)

Катышуучулар: Окуу жайлардын журналистика факультетинин бардык курстарынын студенттери

Көлөмү: 600-700 сөздөн ашпоого тийиш (эссе электрондук түрдө кабыл алынып, автордун аты-жөнү, телефон номери, электрондук дареги, окуу жайы, курсу так көрсөтүлүп, “Эссе сынагына” деп белгилөө шарт)

Тили: мамлекеттик жана расмий тилдер

Тапшыруу жолу: jadyrajasha@gmail.com

Кабыл алуунун соңку мөөнөтү: 2022-жылдын 1-сентябры

Сыйлык фонду: 50 миң сом (баш байге, 1-2-3-орундар, кызыктыруучу сыйлыктар)

Telegram: +996778997720 (билдирүүлөр гана кабыл алынат)