Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кеткен себебин айтты

Мелис Турганбаев Кыргызстандын күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти. Ал социалдык тармактагы баракчасына себебин түшүндүрдү.

«Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи, ошондуктан, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотуп, федерация жетекчилигинен кетүү чечимин кабыл алдым. Бирок бала кезден бери күрөш дүйнөсүндө өсүп-жетилип, ушул даражага жетишиме себепкер болгон спорт чөйрөсүнөн биротоло кетпей, жаштарга эл аралык деңгээлде кеңештеримди айтып, бай тажырыйбамды бөлүшүп турам», — деп жазды ал.