«Мен конок эмесмин, мен кардармын». Блогер Варламов Орусиядан келгендердин оозун жаппай, кулак салууга чакырды

«Мен конок эмесмин, мен кардармын». Блогер Илья Варламов Кыргызстанга Орусиядан келгендердин оозун жаппай, аларга кулак салууга чакырды.

«Мен жакшы көргөн Кыргызстандагы айрым жигиттер кээ бир сын пикириме нааразы болуп, «сен коноктосуң, өзүңдү коноктой алып жүр» деген таризде жооп жазышууда. Мен ошолорго кайрылгым келет. Конокто болуу деген эмне? Өлкөнүн коногу болуу мүмкүн эмес. Мени мисалы, эч ким Кыргызстанга чакырган эмес. Мен өзүм билет сатып алып, өзүм конок үйдөн жай алдым. «Коноксуң» деп мага жазгандардын бири да мени гүл жана бешбармак менен тосуп алган жок. Сиздердин өлкөгө келген адамдарга конок катары эмес, кардар катары мамиле кылуу керек. Алар бул жакка келүү менен акча коротуп, кызматтан пайдаланып жатышат. Кардар болсо, дайыма туура», — деп жазылат блогердин билдирүүсүндө.

Илья Варламовдун айтымында, ал турист, ал жер кезер жана Кыргызстанга келген кардар. Кардар катары ал кызмат көрсөтүү, экология, транспорт, архитектурага нааразы болууга акысы бар экенин айтат.

«Жакпайбы, анда жогол» дегендер болот. Бул деградацияга карай жол. Бизнес менен салыштырып көрөлү. Өлкөнү чоң ресторан деп элестетели. Сиз аракет кылып, ресторанды өнүктүрөйүн деп жатасыз, кийин кардарлар келип, бир нерсеге нааразы болушту. Сиз ар бир нааразы болгон адамды кубалап чыга берсеңиз, анда жакында банкрот болосуз. Ага караганда, кардарды угуп, ага жакпаганды оңдогон баалуу. Сын жана башканын көз карашы өнүгүүгө жардам берет. Бүгүн Кыргызстанга Орусиядан көп адам келди жана алардын оозун жабууга аракет кылбоо керек. Тескерисинче аларды уккула, кандай тейлөө аксап жатканын билгиле. Мындай жагдайдан өлкө бир гана утат», — дейт блогер.