Уролог-сексолог Нурбек Моңолов: «Мен сексолог болсом эле укмушмун дебейм. Менде деле ал жактан көйгөй болот»

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу, уролог-сексолог Нурбек Моңолов SUPERTV каналына маек берип жатып өзүнө берилген ыңгайсыз суроолорго токтолду.

Бир жолу мага «төшөк жаатында элге акыл үйрөтө бересиз өзүңүз ошол жаатта кыйратасызбы?» деген бурчка такаган суроо беришкен. Менин саясатым мындай да, мен чындыкты айткам. Мен деле адаммын. Менде деле ал жактан көйгөй болот. Секске жөнөкөй жашоодой мамиле кылуу керек. Жашоодо өйдө-ылдый болгон сыяктуу кабыл алуу зарыл. Мен сексолог болсом эле укмушмун дебейм. Мен деле элдей элемин», — дейт сексолог.