«Мени аман алып калгылачы деп жалдырап». Патологоанатом төрөттөн каза болгон келинди союу оор болгонун айтты

SUPERTV телеканалынын “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул жолу патологоанатом кесиби менен тааныштырабыз. Каарманыбыз Атыр Абылова 8 жылдан бери Бишкек шаардык өлүкканасында иштейт.

«Нарында төрөттөн кийин каза болгон келин бар болчу. Союп жатканда дарыгерлер да келип, катышышкан. Реанимацияда турган дарыгер да келген. «Жашайм деп көзү жалдырап, мени аман алып калгыла деп жалдырады эле, маңдайына ушул жазылыптыр» дешип, дарыгерлер ыйлап турушкан. Ошол окуя менин эсимде калган», — деди ал.