Интернетте “апасы менен кызы кыймылсыз мүлк талашып жатат” деген видео тараган. Видеодогу 75 жаштагы Авазхан Тангатарова SEREPTV’га “Бул үйдү жалгыз күчүм менен салгам. Эми кызым мени чыгарып жатат” дейт. Ал эми кызы Гүлсара Акматова “менин майыптуулугум бар, ушуга байланыштуу үй менин атымда” дейт.
«Биз үй талашып жатабыз. Менин өзүмдүн кызым. Эмнеге кызым ушинтип жатканын билбейм. Бирге эле жашап жатканбыз. Үйдү кызыма жакшы кылып салып берсем, уулум бар аны үйлөнтүп, төрт дубал көтөрүп алсам чыгып кетем деп ойлогом. Үй кызымдын атында. Бирок үйдү мен салгам.
Кызым эмнеге мени кет деп жатканын такыр түшүнбөй койдум. Жер тилке мамлекет тарабынан берилген. Ошондо кызымдын атына жаздыргам. Эми мени кызым чыгып кет деп жатат. Эми мен кайда барам? Бара турган жерим жок»,- деди эне.
«Ал менин үйүм. Майыптыгым бар үчүн бекер берилген. Үйдү мен тургузгам. Биз соттоштук. Мен утуп, меники болду»,- деди кызы.