«Мени Пуйолго кайтартып коюшуптур». Садыр Жапаров футбол талаасынан эрте чыгып кеткенин түшүндүрдү

Садыр Жапаров Бишкекте өткөн «Барселона» легендалары менен Азия легендалары беттешкен футболдо эмне үчүн биринчи тайм аяктап калганда чыгып кеткенин түшүндүрдү.

«Чарчаган жокмун. Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөрдө билектен бекем кармап алды. «Эй жигит, кармабай ойно» деп күлүп кайрылсам, «sorry-sorry» (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү болсо, мени ойнотмок беле? Ошол үчүн ордума балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен чыгып кеттим да балдарды киргиздик. Бирок баары бир Барселона деген Барселона да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп», — деди ал.