«Мени сабап жатып, боюмдагы 5 айлык баламды өлтүрдү» деген келиндин жолдошуна 50 миң айып пул салынды

Бишкекте өткөн маалымат жыйында «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси жолдошунан кордук көргөн келинди алып келип, келин көргөн кордугу тууралуу айтып берген эле. Ал 10 жылдан ашык убакыт күйөөсүнөн запкы жегенин айткан.

Чүй облустук сотунан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кылмышка шектүү жаранга 25-августта сот чечими чыкканын айтышып, 50 миң сом айып пул салынганын билдиришти.

«Аламүдүн райондук сотунун чечими менен жаран күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Аталган берене оор кылмыштарга кирбегенине байланыштуу, эркинен ажыратуу каралган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин тараптардын эч кимиси сот актысынын көчүрмөсүн алуу өтүнүчү менен кайрыла элек. Иш Кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарын сактоо менен каралып, процесстин катышуучуларынан эч кандай өтүнүч түшкөн эмес. Мындан тышкары, айыпталуучунун сот системасындагы эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалымат аныкталган эмес», — дешти.