«Меники болосуңбу?» деп 11 жаштагы кызга Инстаграм аркылуу жазган жигиттин жоругу талкууга алынууда

«Меники болосуңбу? Мен 14 жаштамын» деп 11 жаштагы кызды алдап Инстаграм аркылуу жазган жигиттин акылга сыйбас жоругу интернет айдыңында талкууга алынууда. Анын маршруттук таксиде баратып жашы жете элек кыз менен Инстаграм аркылуу жазышып жатканын артында отурган жүргүнчү тартып алган.

Чоң жигиттин кичинекей кызды алдап жатканына күбө болгон ал: «Нес абалда калдым деп айтсам, эч нерсе айтпагандай эле болсом керек. Ушундай адамдар эмне үчүн биздин арабызда жүрөт? Ал кызга «мен 14 жаштамын, меники болосуңбу?» деп жазып, башка баланын сүрөтүн жөнөтүп жатат» деп соцтармакка жазып, сүрөттөрдү тиркеген.