Мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту

Кечээ, 29-ноябрада «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында мэр Айбек Жунушалиев менен ишкананын кызматкерлеринин жолугушуусу өттү. Ага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, ошондой эле ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана муниципалитеттин транспорт департаментинин кызматкерлери катышты.

Транспорт жана жол- транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев муниципалдык автобустардын катышуусундагы кырсыктар боюнча кыскача маалымат менен бөлүштү. Анын айтымында, 2024-жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсү менен, 160 учур экинчи тараптын күнөөсү менен болгон.

Борбор калаанын башчысы төмөнкүлөргө сөгүш жарыялады:

— кыймылдуу курамды эксплуатациялоо боюнча директордун орун басары Тукубаев А.К.;
— башкы инженерлер: Өмүрзаков А.Т., Аскарбеков У.С., Чодонов Н.Б.
— автоколонналардын башчылары: Дүйшеев А.Д., Маметов С.С., Табалдиев Б.Ж., Өскөналиев У.Н., Өмүркулов А.С., Молдобаев Э.А.
— өндүрүш жетекчилери: Д.Э.Байтасов, М.Дүйшөнбек уулу.
— бардык бригадирлерге;
— бардык механиктерге;
— бардык колонналардын механиктерине;
— бардык мастерлерге.
Катуу сөгүш:
— кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Ахметахунова С.А.
Иштен алынды:
— Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Асанов М.К.;

— 5-автоколонанын начальниги Кожогелдиев К.Ж.

Ошондой эле жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган 24 айдоочу жумуштан четтетилет. Муниципалдык автобустарды санариптештирүү жана жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды. «Бул жерде жол кырсыктарынын жыйынтыгы боюнча отчет берүүнүн кереги жок, бирок активдүү иш алып барыңыз. Профилактикалык иштерди күчөтүү керек», — деп кошумчалады мэр. Айдоочулардын ишин көзөмөл кылуучу бригадирлердин санын көбөйтүү милдети коюлду. «Керек болсо ай сайын чогулуп, иштерине баа берип, чараларды көрөбүз. Анткени бүгүнкү күндө бузулган автобустар эмес, адамдардын өмүрү маанилүү», — деп кошумчалады шаар башчысы. Айдоочуларды үзгүлтүксүз тестирлөөдөн өткөрүп туруу, эгер биринчи жолу билимин тастыктабаса, ээлеген кызматынан бошотуу тапшырылды.