Мэр: «Ак-Кула» ипподрому 37 жер тилкеге бөлүнүп сатылат»

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.
Калаа башчысы муниципалдык менчикти сатуу боюнча аукцион 1,5 жылдан бери өткөрүлбөй, киреше түшпөгөнүн белгиледи.
“Биз бул механизимди иштетип, киреше бөлүгүн көбөйтүп баштадык. Бул жылга жергиликтүү бюджетти толуктоонун ири беренелеринин бири “Ак-Кула” ипподромунун жерин сатуунун эсебинен күтүлгөн киреше. Учурда аукционго коюлду, биз 37 жер тилкесине бөлүү менен сатып жатабыз. Биз бардык түшкөн акчаны шаардын курч социалдык жана турак жай коммуналдык көйгөйлөрүн чечүүгө жумшоону пландап жатабыз”,  -деди калаа башчысы.