Мэрия “Ак-Босого” конушуна жаңы мектеп курууга тендер жарыялады

Бишкек шаардык мэрия “Ак-Босого” конушуна жаңы мектеп курууга тендер жарыялады. Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы жалпы билим берүү мекемеси 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоордук-сметалык документтери толук бүткөн.

Тендер борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик линиясы боюнча өтөт. Жалпы билим берүү мекемесинин алгачкы сметалык баасы 284 миллион 445 миң 867 сомду түзөт. Курулуш шаардык бюджеттен каржыланат.