Мэрия: Бишкекте жолду капиталдык оңдоо графиктен алдыда жүрүп жатат

Учурда капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүндө жасалууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Байтик баатыр көчөсүнүн Аалы Токомбаевден Абды Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Ал эми Иса Ахунбаев көчөсүндө Чыңгыз Айтматовдон Абдылас Малдыбаев көчөсүнө чейин асфальт басылууда. Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыкка эки катмар асфальт төшөлдү. Аталган эки көчөдө капиталдык оңдоонун биринчи этабын 15-июнга чейин бүтүрүү мерчемделүүдө. Жолго төшөлгөн асфальттын калыңдыгы: биринчи катмары 6 сантиметр, экинчи катмары 5 сантиметр.
Аталган эки көчөдө жолду капиталдык оңдоо 26-майда башталган. Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаевден Жибек-Жолуна чейин, Иса Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматовдон Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече бөлүк менен жасалат.