Мэрия: «Бишкектин тургундары мобилдик топторду ПЦР-тестти бекер тапшыруу үчүн чакырышат»

Шаардыктар мобилдик топко ПЦР-тестти бекер тапшыруу үчүн телефон чалган учурлары болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова журналисттерге билдирди. «Мындай көрүнүш өткөн жылы дагы болгон. Адамдар келип анализ алсын деп оорунун белгилерин ойлоп таба башташат», — деди ал.

Бактыгүл Исмаилова көчмө бригаданын кызматкерлери кароо жүргүзүп, сунуштарын берип, жеринде чечим кабыл алат — эгер COVID-19 деген шек бар болсо, анда алар ПЦР-тест алышарын айтты. «Алардын дарылоого тиешеси жок», — деди ал.