Мэрия: «Өлкөнүн башкы балатысы 7 миң 500 оюнчук менен кооздолот»

«Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо уланууда. Башкы балатынын бийиктиги 25 метр, балатынын түбүнүн диаметри 12 метр, 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары илинген. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Ала-Тоо» аянтын жана башкы балатыны кооздоо үчүн 7,5 миң оюнчук, 8 чакырымдык светодиоддук гирляндалар, 2 чакырымдык лампа гирляндалары, айнек формасындагы металл конструкцияларды кооздоо үчүн 2,3 чакырымдык сары дюралант сатып алынды. Учурда долбоорлоо-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле борбордук аянтка кичи архитектуралык формалар орнотулат: бугу, бүркүт, илбирс, ат, «2023», бак, карагай, коён жана белек. Эске салсак, быйыл борбор калаанын башкы балатысы чоң фонтандын ордуна орнотулган»,- дешти.