Мэриянын Ала-Арчага коё берген балыктарын ошол эле күнү кармап кетишти

Кечээ, 4-июлда Бишкек мэриясы пилоттук долбоордун алкагында Ала-Арча дарыясына балыктарды коё беришкен. Бирок ошол эле күнү кечинде жергиликтүү тургундар келип, кайырмагын салып, балыктарды кармоого киришкен. Бул окуяга күбө болгондор соцтармактарга видео таратышты.