«Мэриянын «уважаемый бандиттери»! Жарандык активист бала бакчадагы тамак боюнча мэрияга кайрылды

Итке бербеген тамакты бөбөктөргө берип жатасыңар. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде жарандык активист Азият Жекшеев социалдык тармактагы баракчасына жазып, бала бакчада берилген тамактын сүрөтүн бөлүштү.

«Мэриянын «уважаемый бандиттери»! Бишкектин бала бакчаларындагы балдарыбызды эмне менен тамактандырып жатасыңар?

Бул сүрөт бүгүн Көк-Жарда жайгашкан №182 бала бакчада ата-энелер тарабынан тартылды. Итке бербеген тамакты бөбөктөргө берип жатасыңар. Ата-энелердин кайрылуусуна аталган бала бакчанын жетекчиси кайра коркутуу менен чектелет. «Балаңды чыгарып салам дегенге чейин» барышат. Анткени мэрияда ишенгендери бар!

Чара көрөсүңөрбү? Же бөбөктөрдүн ден соолугуна зыян тийгиче күтөсүңөрбү? Шайлоого жанталашпай күнүмдүк ишиңерди дагы карагыла!», — деп жазды ал.