Милиция 17 жаштагы Перизат Кубанычбек кызын издеп жатат

Милиция кызматкерлери тарабынан Кубанычбек кызы Перизаттын жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

31-майда милицияга арыз менен «Эне жана баланы коргоо борборунун» жетекчиси кайрылып, 2005-жылы туулган окуучу Кубанычбек кызы Перизаттын жоголгонун айтып, жардам сураган. 30-майда аталган борбордо болгон. Саат 21:30дар чамасында уктап жаткан, бирок эртең менен ордунан таппай калышкан. Ошол бойдон кайтып барган эмес. Учурда кыздын кайда экени белгисиз.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык, көзү күрөң, чачы орто узундукта. Аба ырайына жараша кийинип жүргөн. Сүрөттөгү кызды көргөн болсо, 0 704 103-102, 0 500 260-250, 0 708 50-00-21, 0 706 51-51-54, 0 500 43-28-15 номурларына чалсаңыздар болот.