Милиция июль айында жансыз денеси табылган жарандын атын тактоого жардам сурайт

Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-июлда саат 10:00 чамасында көчөлөрдүн биринде 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын денесинен криминалдык тактар байкалган эмес.

Белгилери: бою 166-170 сантиметр, арык, чачы кара.

Кийген кийими: сары түстөгү рубашка, кара-көк түстөгү шым, кара туфли.

Жаранды тааныгандар болсо, 0(312) 60-73-87 же 0(501) 74-66-00 номурларына кайрылсаңыздар болот.