Милиция Казакстанда катталып жаткан «чуркап өт же өл» оюну боюнча ата-энелерге кайрылды

ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан ата-энелерге кайрылып, Казакстанда «чуркап өт же өл» деген оюн чыгып жатканын эскертти.

«Социалдык тармактарда өспүрүм балдардын кооптуу көңүл ачуусу тууралуу видео тароодо. Кеп өтүп бара жаткан унаанын алдынан чуркап өтүү оюну боюнча болуп жатат. Такталбаган маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында мындай фактылар жок, бирок Казакстандын Костанай облусунда мындай окуя катталган. Мындан улам ата-энелерди балдарынын телефондорун текшерип, алар менен профилактикалык баарлашууну өтүнөбүз. Айдоочуларды жолдо этият болууга чакырабыз», — дешти.