Милиция: «Казакстандагы үйүр жылкылардын Чүй облусунун тургунуна тиешеси жок»

Буга чейин соцтармактарда Казакстанда тартылган видео тараган. Коомчулукта «видеодо айтылып, көрсөтүлгөн жылкылар Чүй облусунун тургуну айдатып жиберген жылкылар эмеспи?» деген суроо туулду.

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБ комментарий берип, видеодогу жылкылардын Чүй облусунун тургунуна тиешеси жок экенин билдирди. «Буга байланыштуу аталган маалыматты текшерүү максатында Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, Кемин районунда жоголгон аттар менен бээлерге видео материалдын эч кандай тиешеси жок экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта. 

Кечээ, 15-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облусунун тургуну кайрылып, жээни 51 баш жылкыны уурдатып ийгендигин, жылкылар элдики болгондуктан жээни башын мыкчып, айласы кетип отурганын айтып кайрылышкан эле. Бул окуя боюнча милиция үн катып, тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирген.