Милиция кызматкери Айбек Кулов кызмат учурунда каза болду

Бишкек шаарындагы Биринчи Май РИИБдин кызматкери Айбек Кулов көз жумду.

23-январь күнү Биринчи Май РИИБдин №5-ШМБнын милициянын аймактык ыйгарым өкүлү милициянын капитаны Кулов Айбек Кабакбекович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал кызмат учурунда ооруканалардын бирине жүрөгү кысылып жатканын айтып, жардам сурап кайрылган. Бирок тилекке каршы ошол жерден көз жумган.

Ал 1987-жылы 12-январда Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдавар айылында туулган. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. 2012-жылдын 6-декабрынан тартып ички иштер органдарында кызмат өтөп келген.