Милиция: «Ошто Жаңы жыл түнү оор кылмыштар катталган жок»

Ош шаарынын аймагында Жаңы жылды тосуу салтанаттары тынч өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын аймагында 31-декабрда Жаңы жыл майрамын тосуу салтанаттары тынч өттү. Өзгөчө оор, оор кылмыштар катталган жок. Ош шаарында жалпысынан 28 окуя жана кылмыштар катталды. Бул окуя менен катталган кылмыштар жаңы жылды тосуу салтанаттарына тиешеси жок. Алардын 24 фактысы изи сууй электе ачылган. Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.