Милиция Ошто өлтүрүлгөн аял боюнча такталбаган маалыматтар тарап жатканын билдирди

Жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн аял тууралуу такталбаган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

«Учурда социалдык тармактарда 26-май күнү Кара-Кулжа районунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча күйөөсү аялын атка сүйрөтүп өлтүрдү деген жана башка эле адамдардын ыйлап жаткан видеосу менен чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат.  Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Алдын ала тергөө кызматынын берген маалыматы боюнча маркумдун ок атуучу куралдын огунан алган жараттан көз жумган. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.