Милиция видеокайрылуу жасаган мекендештер менен жолукту

Кечээ, 16-августта социалдык тармакта жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Орусияда эмгектенген жигиттердин тобу кыргыз кыз-келиндерине эскертүү берип кайрылган видеосу тараган.
Бул окуянын чоо-жайын аныктоо максатында Ички иштер министрлиги ыкчам түрдө өзүнүн Орусиядагы Өкүлчүлүгүнө тапшырма берген. Анын негизинде видеокайрылуу жасаган жарандар такталып, алар Москвада жүрүшкөнү аныкталып, Өкүлчүлүккө чакырылды. Алардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузган аракеттерге барбай турушканын билдиришти.
Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.