Милицияга «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн

Бүгүн, 21-июлда болжол менен саат 09:55 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Дордойдун» ичиндеги «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Базар курчоого алынып, жарандар жана соодагерлер эвакуацияланды. Жеринде ИИМдин кызматкерлери иш алып барып жатат.