«Миллиондой кандаштарыбыздын тынччылыгын эсибизден чыгарбайлы». Мамлекеттик катчы Орусиядагы кырдаал боюнча үн катты

«Миллиондой кандаштарыбыздын тынччылыгын эсибизден чыгарбайлы». Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов соцтармактагы баракчасы аркылуу Орусиядагы кырдаал боюнча үн катты.

«Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө деп, ата бабаларыбыз ушул заманды боолгошсо керек. Чеке белибиз тынч эмес. Кирди чыкты жамаатташ болгон, кылым аша канаатташ болгон, Орус элине ич ара келишим, кеменгерликти тилөө менен, миллионго жакын кандаштарыбыздын тынччылыгын эсибизден чыгарбайлы. Илгери чоң той-тобурда сорпону жорго менен тарткан ыкчамдыгыбыз дагы бар, арабызда чагым айтып, чатакка жакын чаар баш, тентектерибиз дагы жок эмес. Кыяпат айтып, кыбааны кандырбайлы! Ээнбаштык кылбай, табадан адашып, тобо-топукка жанашып, элдин ээси бар экени эсибизде болсун», — деп жазылат билдирүүдө.