«Миңдей адам көз жумду». Ооганстандагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок

Ооганстандагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, табигый кырсыктарды башкаруу министрлигинин маалыматы боюнча 1000дей адам каза болуп, 600дөн ашууну жаракат алган.

Буга чейин Ооганстандын табигый кырсыктарды башкаруу министри Мохаммад Насим Хаккани каза болгондордун көбү Пактика провинциясында болгонун, анда 100 адам өлүп, 250 адам жаракат алганын билдирди. Ошондой эле Хост жана Нангархар провинцияларында жергиликтүү тургундардын жапырт каза болгондугу тууралуу кабарлар бар.