Миңден ашуун ымыркайга Олимпиадада медаль алган спортчулардын ысымы ыйгарылды

Кыргызстанда миңден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркайга Токио Олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары ыйгарылды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 414 ымыркайга Акжол, 323 ымыркайга Айсулуу, 374 ымыркайга Мээрим, 279 ымыркайга Айпери деген ысымдар ыйгарылган. Ошондой эле октябрь айында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын урматына үч эм кызга балбандардын ысымы ыйгарылган.