Министр: «2023-жылы 93 Тез жардам унаасын алабыз. Бишкекти азыр 33 унаа тейлеп жатат»

«2023-жылы 93 Тез жардам унаасын алабыз». Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

«Кудай буюрса 2023-жылы «Коопсуз шаар» боюнча 93 Тез жардам унаасын алабыз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык автобазада 74 Тез жардам унаасы турат. Анын 30у колдонуудан чыгарылышы керек. Бешөө жол кырсыгына кабылып, оңдолуп жатат. Учурда 33 транспорт кызматка чыгууда. Күнүнө 2000ден ашуун чакыруу түшүп жатат, мындан улам Бишкекке кошумча дагы беш унаа бөлүп бердик. Жакында жогорудагы белгилеп кеткен 93 унаабыз келсе, анын сегизин дагы беребиз деп турабыз», — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.