«Сабырбек Жумабеков жакшы адвокат алышы керек. Өзүн сактап калышы керек». Бул тууралуу SUPERTV каналына маек берип жатып Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Бүт бардык наамы жок болот. УКМК барып, отургузуп коёт. Анан төлөй баштайт. Кустурат анан», — деди ал.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту.