Кечээ, 14-майда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы эксперт Ари Покка менен жолугушту.
Тараптар жолугушууда Кыргызстан менен Финляндиянын мектептик билим берүү системасы, анын ичинде мектеп директорлорунун маанилүү орду, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана алардын компетенттүүлүгүн аныктоо боюнча пикир алмашышты. Министр учурда Кыргызстан билим берүү системасын трансформациялоо жолунда экендигин жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева эксперт Ари Покканын «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин кыргыз тилинде жарык көргөндүгү менен куттуктап, китепти которгон чыгармачыл топко ыраазычылык билдирди.