Министр эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды куттуктады

Бүгүн, 15-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева биология боюнча “IBO 2024” эл аралык олимпиададан ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды.
Олимпиада 7-июлдан 13-июлга чейинки аралыкта Астана шаарында өтүп, ага 75 мамлекеттен 290 окуучу катышкан. Кыргызстандын командасы 3 коло медаль жана бир Ардак грамотага ээ болуп, командалык эсепте төртүнчү орунга жетишти. Бул интеллектуалдык таймашка команданы 3 тренер, 3 калыстар тобу жана бир психолог даярдашкан.
1. Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 мектептин 9-класстын окуучусу, коло медалдын ээси;
2. Нурсултан Увалиев, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу;
3. Байзак Карыпжанов, Талас облусундагы Манас Ата лицейинин 11-классынын окуучусу;
4. Арсений Виноградов, Чүй облусунун Жайыл Баатыр лицейинин 11-классынын окуучусу, Ардак баракчанын ээси.