Министр Иманов: «Орусиядан алган ИВЛ аппараттарды кайтарып бергени жатабыз»

«Дастан» заводу 300 ИВЛ аппараттарды өндүрүүчүгө кайтарып, ошону менен орусиялык компанияга болгон карызды төлөйт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында ишкананын мурдагы жетекчиси, учурда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттар насыяга алынган жана алар үчүн төлөмдөр азырынча жүргүзүлө элек. «Бүгүнкү күнгө чейин биз аппараттарды кайтара алган жокпуз, анткени 2020-жылы өтө маанилүү медициналык буюмдарды экспорттоого тыюу салуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Эми бул аппараттар өндүрүүчүгө кайтарып берилет. Бул продукциялар кредитке берилип, эч ким акча төлөгөн эмес», — дейт Талантбек Иманов.

Орусиянын «Электронинторг” компаниясы «Дастанды» 300 ИВЛ аппаратын карызга алып, акысын төлөбөй жүргөнү үчүн банкрот деп табуу үчүн сотко кайрыларын жарыялаган. «Дастан» трансулуттук корпорациясы орусиялык компаниянын банкрот деп табуу процедурасын баштоо планы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берген. «Бүгүнкү күндө ИВЛ жеткирүү боюнча «Электронинторг» менен соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурда банкроттуулук процедурасы тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес», деген заводдон.