Министр: «Жакынкы апталарда коронавирус жуктургандар кескин көбөйүшү мүмкүн»

Кечээ, 25-январда Өлкө боюнча электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам орун алган өзгөчө кырдаалга байланыштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын башчысы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров штабдын кезектеги кеңешмесин орун басары Эдил Байсаловго өткөрүүнү тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республикадагы эпидемиологиялык абал жана жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, жакынкы жумаларда жарандардын коронавирус инфекциясына чалдыгуусу кескин жогорулашы ыктымал. Эдил Байсалов саламаттыкты сактоо тутумун COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымалдыгына карай толук даярдыгын камсыздоону жана зарыл болгон учурда дарылоо мекемелеринде кошумча орундарды ыкчам ачуу, суюк кычкылтек станцияларын ишке киргизүү маселесин чечүүнү тездетүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.