Министр: «Жардам керек болсо, дарыгерлерди Түркияга жөнөтүүгө даярбыз»

Бүгүн, 8-февралда Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Министр өз сөзүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. «Түркиядагы көп сандаган адам курмандыктарына алып келген ири табигый кырсык ар бирибиздин жүрөгүбүздү тилип өттү. Медициналык жардам керек болсо, кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз», — деди Гүлнара Баатырова.