Министр Кара-Суу районундагы шприц чыгарган ишканага барды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна барган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда болду. Ал бир катар саламаттыкты сактоо уюмдары жана медициналык кызматкерлер менен жолугушуп, андан кийин жеке ишкер Канатбек Кадыровдун шприц чыгаруучу ишканасына барып таанышты.

Анда негизинен 5 жана 10 граммдык шприцтер жана инсулин алуу үчүн атайын шприцтерди чыгарышат. Жеке ишкер өз сөзүндө мындай деди: “Калкты шприц менен камсыздап, саламаттыкты сактоого өбөлгө түзүп жатабыз. Мурда түштүк аймагын гана камсыздасак, быйылкы жылы республиканы камсыз кылганга жетиштик. Ал эми жакын арада медициналык кол каптарды да чыгарууну пландап жатабыз”.