Министр: «Карызы бар карылардын жарыгын пенсия алгыча өчүрбөгүлө»

Бүгүн, 30-декабда Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда 2022-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга карата коюлган пландарга кыскача токтолду.

Андан тышкары министр жаңы жылдык майрамга карата карызы бар жарандардын жарыгын майрам өткүчө өчүрбөй турууга буйрук берди. Ошондой эле майрам жана эс алуу күндөрү энергетиктер кызматта болушун, калкка жылуулук жана жарык берүү энергетиктердин милдети экенин эскертти.

«Өзүңүздөр жакшы билгендей, энергетиктерде эс алуу жана майрам деген жок. Майрамдык маанайды биз элге тартуулап, жарык жана жылуулук менен камсыз кылышыбыз керек. Баарыңар байланышта болуп, ыкчам түрдө иштөөнү колго алгыла. Майрам күндөрү, кышында эл жарыксыз калбашы керек. Аба ырайы күндөн-күнгө сууктап бара жатат. Ошону менен катар пенсионерлер пенсиясын алгыча 2-3 күн айырма болуп светтин акчасын төлөгүчө өчүрүп коюп жатасыздар. Карызы бар пенсионерлер электр энергиясына болгон төлөмдү төлөгүчө убакыт бергиле», — деди министр.