Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов билим берүү министрине талапкерлиги каралып жаткан Догдуркүл Кендирбаевага айтылып жаткан кептер боюнча суроо салды. «Биздин үрп-адатыбызга каршы келген нерселерди колдойт экенсиз, эми билим берүүнү кайсы тармакка бурат деп кызыгышууда» деген депутат талапкердин буга жооп берүүсү керектигин айтты.
“Бул калп. Жолдошум, эки кызым, эки неберем бар. Менин камкордугумда 90 жаштагы кайнатам жашайт. Алтын казык принцибин баалайм. Кыргыз улутунун баалуулугун, мурастарын ар бир кыргыз бекемдебесе, анда бизди ары-бери тартып кете турган кызыкчылыктар өтө көп», — деди ал.