Министр: «Май айынан тарта электр энергиясына тариф көтөрүлөт»

Бүгүн, 14-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында 2025-жылы электр энергиясына тариф канчага көтөрүлөрүн айтты. 

Анын айтымында, өткөн жылы тариф калк үчүн 1 кВт/саат үчүн 1,11 сом, башка тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн 3,18 сом деп белгиленген.

Анын айтымында, май айынан тарта калк үчүн тариф 26 тыйынга көтөрүлүп, 1,27 сомду түзсө, тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн 31 тыйынга көтөрүлүп, 3,49 сомду түзөт. 

Ибраев Кыргызстанда электр энергияга болгон тариф арзан экенин айтты.